Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-марты № 1/5
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө «Альфателеком» жана «Нуртелекомдон» август, сентябрь айларында түшө турган акчаны кароо жөнүндө
Угулду: Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары, айылдык Кеңештин төрайымы Г.Аттокурованын 2014-жылдын август, сентябрь айларында Ак-Моюн айыл аймагына 28000 (жыйырма сегиз миң) сом «Альфателекомдон», 15000(он беш миң) сом «Нуртелекомдон» биздин айыл өкмөткө түшө турган акча Ат-Башы райондук казына бөлүмү аркылуу Ат-Башы айыл өкмөтүнө түшүп калган. Бардыгы: 43000(кырк үч миң) сомду которуп берүү тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын август, сентябрь айларында Ак-Моюн айыл аймагына 28000 (жыйырма сегиз миң) сом «Альфателекомдон», 15000(он беш миң) сом «Нуртелекомдон» биздин айыл өкмөткө түшө турган акча Ат-Башы райондук казына бөлүмү аркылуу Ат-Башы айыл өкмөтүнө түшүп калган. Бардыгы: 43000(кырк үч миң) сомду которуп берүү жагы суралсын.
2. Жогорудагы финансылык которуу жумуштары Ат-Башы РОКтун башчысы К.Исаевден суралсын.
Төрага | Г. Аттокурова |