Загрузка документа…
(Жумгал айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-февралындагы № 6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 9
Жумгал айылдык Кеӊешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1. Жумгал айылдык Кеӊешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 2 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2015-жылдан баштап, Жумгал айыл аймагына караштуу Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) ижарага бериле турган жана ижарадагы айдоо, чабынды, шалбаа жерлерине алынуучу ижара акысынын өлчөмү төмөндөгүчө бекитилсин.
1 га кайрак айдоо жерге - 200 сом
1 га суу баскан айдоо жерге- 1000 сом
1 га чабынды, шалбаа чөп жерге - 800 сом (ушул ижара акынын ичинен соц фонд,налог) чогуу киргизилсин .
3. Пайдаланууга жарактуу жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөтүнун жер адиси У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппартынан каттоодон өткөрүлүп ,jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | С. Санташов |