Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 2

Жалал-Абад шаарынын № 4-балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө

     Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жобосуна ылайык Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу №4 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине дене тарбия жана спорт тармагынын окутуучусу, маркум Маман Матмусаевдин ысымы ыйгарылсын.

2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашуу үчүн жиберүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Эрматов) жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                         Н. Нишанов