Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 8 

Жалал-Абад шаарынын № 8-орто мектебинин территориясынан трансформатор орноштурууга жер тилкесин ажыратуу жөнүндө

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 11.02.2015-жылдагы № 145-катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын Московский-Островский көчөлөрүнүн кесилишинен № 8-орто мектебинин территориясынан 12 чарчы метр жер тилкесин калк үчүн трансформатор орноштурууга бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

2. № 8-орто мектебинин территориясынан калкка трансформатор орноштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер тилкесин окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында ар тараптан тосуу жагы Жалал-Абад райондор аралык электр тармактар ишканасынын жетекчисине (Д.Рахманов) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                Н. Нишанов