ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-апрели № 12
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган турак-жай эмес имараттардын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 23.01.2015-жылдагы чыг.№70-катыны шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 02.04.2015-жылдагы кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, жыйындын чечиминин негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 26.02.2004-жылдагы XXVIII-сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган турак-жай эмес имараттардын ижара акысын аныктоо тартиби №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Нишанов |