Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 13

Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Нак Сүт мал чарбачылыгы жөнүндө

     Жалал-Абад шаардык кеңешинин V-чакырылышынын XVIII-сессиясынын № 11-токтомунун негизинде аталган аймактык башкармалыкка мал чарбасын түзүү үчүн ссуда катары 2600,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, 2014-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеӊештин VI-чакырылышынын XVIII-сессиясынын №5-токтомунун негизинде 24 баш мал сатылып, 1106,0 миӊ сом жергиликтүү бюджетке кайтарылгандыгын жана калган малдарды толугу менен сатып, сатуудан  түшкөн акча каражатын жергиликтүү бюджетке кайтаруу жөнүндө Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын башчысы Т.Эгембердиевдин маалыматын угуп чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык кеӊештин XVIII-сессиясынын №5-токтомунун 5-пункту жана 7-пункту жокко чыгарылсын.

2. Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын Нак Сүт мал чарбасына 2011-жылдагы 2600,0 ссуданы кошкондо 2011-2014-жылдар аралыгында мал чарбачылыгына жалпысынан 4458,1 миӊ сом акча каражаты сарпталгандыгы эске алынсын.

3. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы калган 23 баш уй, анын ичинен 9 уй 2015-жылы туулган музоосу менен жана 2014-жылы туулган 13 музоону (жалпысы 45 баш мал) сатууга уруксат берилсин.

4. Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, м алдарды сатуу укук коргоо органдарынын корутундусунун негизинде сатылуусу белгиленсин.

5. Малдарды толугу менен сатуудан кийин ликвидациянын жыйынтыгы менен пландын негизинде келген Эсептөө Палатасынын инспекторуна мал чарбасы боюнча өзүнчө тактама жазып берүү жагы сунушталсын.

6. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын «Нак сүт» мал чарбасындагы калган малдарды жумушчу комиссиянын чечими менен сатып, сатуудан түшкөн акча каражатын толугу менен жергиликтүү бюджетке кайтарып, төлөп берүү жагы Т.Тайгараев атындагы АБна (Т.Эгембердиев) милдеттендирилсин.

7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

8. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кеңейтилген жыйынынын кароосуна жүктөлсүн.

9. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

    

Төрага

                Н. Нишанов