Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 14

Жалал-Абад  шаарында 9-май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлүүчү марафондун Жобосун бекитүү жөнүндө

     Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Т.Темирбаевдин маалыматын угуп, шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарында 9-май Жеӊиш күнүнө карата өткөрүлүүчү марафондун Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына марафондон түшкөн акча каражатын кабыл алынган Жобого ылайык максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                Н. Нишанов