Редакцияот 14.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-апрели № 15

 Жалал-Абад  шаарынын шайлоо участкаларынын чек араларын бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө» мыйзамынын  3-беренесинин 3-пунктуна ылайык Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 25 шайлоо участкаларынын чек араларын тактап, бекитип берүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Б.Беркбаеванын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХII-сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан 25 шайлоо участкаларынын чектери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына такталган шайлоо участкаларынын чектерини Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жагы  шаардык кеңештин жооптуу катчысына  (Б.Беркбаева)  милдеттендирилсин.

4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

                Н. Нишанов