Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 65/19-6
“Кара-Көл шаарынын аймагында салттуу эмес диний уюмдар, секталар жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын аймагында салттуу эмес диний уюмдар, секталар жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусун жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Акыркы мезгилде Кара-Көл шаарынын аймагында салттуу эмес диний уюмдардын кеңири жайылып баратышы калк арасында чоң нааразычылыктарды жаратууда. Шаарыбыздын токсон тогуз пайызы салттуу ислам динин тутунат, ошондуктан эл арасында ынтымакты ыдыратып, тынчтыкты бузуп, жараканы пайда кылган “Жахаба күбөлөрү” аттуу уюмдун мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканы ар бир атуулду тынчсыздандырууда. Кыргыз Республикасындагы “Жахаба күбөлөрү” диний борборунун жер-жердеги уюмдары тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтүшү керек экендигине карабастан, бул уюм бир нече жылдан бери Кара-Көл шаарында каттоодон өтпөстөн мыйзамсыз түрдө өз ишмердигин жүргүзүп келет.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктун ( мамлекеттик дин иштери боюнча органдан каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынат) жетекчиликке алып жана айрым диний уюмдардын мыйзамсыз иштери жөнүндө элдин тынчсыздануусун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан элибиздин ынтымагын ыдыратып жаткан “Жахаба күбөлөрү” диний уюмунун жана башка мыйзамсыз түзүлгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынсын.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы, тиешелүү органдар менен биргеликте жер-жерлерде рейддерди уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. КР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кара-Көл шаарында “Жахаба Күбөлөрү” диний уюмунун мындан ары иштөөсүнө бөгөт коюп, тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы улантылсын.
Төрага | М.К.Женбеков |