Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрелиндеги № 66/19-6
«Кара-Көл шаарынын Сабиров көчөсүндөгү борбордук китепкана жайгашкан имаратты муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу жөнүндө»
“Электр станциялар” ААКунун 2015-жылдын 5-февралындагы № 5 –токтомун жана “Электр станциялар” ААКнун филиалы Токтогул ГЭСтер Каскадынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 165/55/05 катын эске алып, Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 13-февралындагы “ Токтогул ГЭСтер Каскадынын балансында турган Сабиров көчөсүндөгү 1997-жылдарга чейин борбордук китепкана жайгашкан имаратты шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алуу тууралуу сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура,турак –жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Электр станциялар” ААКнун филиалы Токтогул ГЭСтер Каскадынын балансында турган Сабиров көчөсүндөгү борбордук китепкана жайгашкан имаратты жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде шаардын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Аталган обьектини шаардын муниципалдык менчикке алуу, мыйзам чегиндеги тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн шаардык мэрия (М.Д.Койчиев), муниципалдык менчик башкармалыгы (К.С.Сарбалаев), Токтогул Гестер Каскады тарабынан депутаттардын катышуусу менен комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( М.Д.Койчиев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | М.К. Женбеков |