Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрелиндеги № 67\19-6
“Кара-Көл шаарынын аялдар кеңешинин жобосун бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Б.К.Маматаеванын “Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши жөнүндө” жобону бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап жана жобону бекитип берүү үчүн кезектеги сессияга чыгаруу жөнүндө кабыл алган. Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими боюнча Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Ж.Орунованын маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинин 1-пунктуна таянып депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомду уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Ж.Орунованын маалыматы эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши коомдук уюм катары түзүлсүн. “Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши жөнүндө” жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Көл шаардык аялдар конференциясынын чечими менен шайланган Б.К.Маматаева аялдар кеңешинин төрайымы катары таанылсын жана Кара-Көл шаардык аялдар кеңеши Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Ж.Оруновага жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |
Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Кара-Көл шаарынын аялдар кеңеши, Кара-Көл шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик мекемелер ,коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта иштеген ыктыярдуу, көзкарандысыз, өзүн өзү башкарган, коммерциялык эмес коомдук уюм.
1.2. Аялдар кеңеши төмөндөгүлөргө көмөктөшөт:
· Коомдук иш аракеттерге аялдарды тартууга;
· Үй-бүлөнү, балдарды жана энелерди коргоонун, колдоонун эффективдүү механизмин иштеп чыгуу максатында аялдар кеңешинин полномочиясына ылайык , аталган сферанын иш аракеттерин жөнгө салуучу мамлекеттик, областтык жана муниципалдык укуктук ченемдик актылардын негизинде аялдардын укугун жана кызыкчылыгын, энеликти жана балалыкты коргоого;
· Шаар турмушунун бардык сфераларында ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрү бар аялдардын катышуусун камсыз кылууга;
· Шаардын коомдук саясий, социалдык жана маданий турмушунда аялдардын ролун жогорулатууга;
· Аялдардын жана алардын балдарынын ден соолугун коргоону камсыз кылууга;
· Аялдардын энелик жана үй бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткарышына;
· Балдарга, майыптарга,пенсионерлерге жардам, үйбүлөгө колдоо көрсөтүүнү камсыз кылууга.
1.3. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишмердигин Кара-Көл шаарынын социалдык программаларына ылайык ыктыярдуулук, көзкарандысыздык, тең укуктуулук, өзүн өзү башкарган,айкындуу жана мыйзамдуулук принцибинин негизинде ишке ашырат.
1.4. Аялдар кеңешининнегизги иштөө формасы болуп отурум (заседание) эсептелет.
1.5. Аялдар кеңешинин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.
1.6. Социалдык абалы, жаш курагы, билимине карабастан шаардагы коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар, аялдар кеңешинин мүчөлөрү боло алат.
1.7. Аялдар кеңешинин курамы шаардык аялдар конференциясында шайланат. Конференцияга делегаттар мекеме ишканалар жамаатынан жана коомдук уюмдардан сунушталат.
2. Иш аракеттеринин негизги максаттары:
· Аялдардын укугун коргоого көмөктөшүү;
· Үй-бүлө статусун бекемдөө, баатыр энелер менен иш алып баруу;
· Коомдогу алдыңкы айымдарды даңктоо
· Үй-бүлө мүчөлөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
· Коомдук иш чараларга аялдардын активдүү катышуусуна шарт түзүү.
3. Коомдук уюмдун иш аракетиндеги милдеттер:
§ Коомдук иш аракеттерге аялдарды активдүү тартуу;
§ Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөргө ,көп балалуу үй бүлөлөргө, майыптарга жана улгайган жарандарга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү;
§ Жаштарга адеп ахлактык тарбияны, сергек жашоо мүнөзүн, үйбүлөлүк баалулуктарды насыяттоо (пропагандалоо);
§ Үй-бүлөнү бекемдөө, балдар укуктарын коргоо.
4. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери, иш аракеттеринин компетенциясы
4.1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери:
· Шаардын салттуу жана маданий баалуулуктарын сактоо, адеп ахлактык жана нравалык байлыктарын калыбына келтирүү максатында өтүүчү муниципалдык иш чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө өз ыйгарым укугунун чегинде көмөк көрсөтүү жана катышуу;
· Социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардамдарды көрсөтүү;
· Аялдардын жана балдардын укугун коргоо, үйбүлөнүн жана аялдардын кызыкчылыгына тиешеси бар оозеки жана жазуу түрүндөгү калктын кайрылуусун кароо;
· Социалдык маселелерди чечүү үчүн демөөрчүлүк жардамдарды тартуу жана жергиликтүү бюджеттен каражат суроо;
· Шаардагы аялдардын кызыкчылыгына жана укугуна байланышкан курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, коомчулуктун, мамлекеттик мекемелердин жана социалдык институттардын (аксакалдар кеңеши, жаштар кеңеши, ж.б) көңүлүн буруу.
4.2. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
· Аялдар кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
· Төрайымды жана орун басарларын шайлоо;
· Уюмдун максаттарын ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн ар кандай иш аракеттерди жүргүзүү.
5. Документтери
5.1. Уюмдун документтери :
§ Аялдар кеңешинин Жобосу;
§ Аялдаркеңешинин иш планы ;
§ Аялдар кеңешинин отурумунун протоколдору ;
§ Уюмдун мүчөлөрүнүн тизмеси;
§ Аткарылган иштери боюнча отчеттору;
§ Жарандардын арыздары, Аялдар кеңешинин өтүнүчтөрү (ходатайство).
6. Кара-Көл шаарынын Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары
6.1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары:
§ Коомдук иш аракеттерге, концерт,семинар, ийрим, көргөзмөлөрдү уюштурууга, муниципалдык иш чараларга аялдарды тартуу;
§ Ыйгарым укуктарынын чегинде муниципалдык жана башка иш чаралардыуюштуруу жана өткөрүү;
§ Талкууланып жаткан ар кандай маселелерге өз оюн эркин айтуу;
§ Кара-Көл шаарынын аялдар кеңешинин кайрымдуулук иш аракеттерине катышуу;
§ Өз мүчөлөрүн чыгарып салуу жана кабыл алуу маселелерин чечүү;
§ Жергиликтүү шарттарды эсепке алуу менен иш аракеттеринин ыкмасын жана формасын аныктоо;
§ Консультация үчүн адистерди тартуу;
§ Аялдардын, балдардын , үйбүлөнүн абалын жакшыртуу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аялдар кеңешинин сунуштарын берүү;
7. Аялдар кеңешинин төрайымы
7.1. Аялдар кеңешинин курамынын ичинен ачык добуш берүү менен төрайымы үч жылга шайланат.
7.2. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал жок учурда орун басары:
· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка коомдук уюмдарда ошондой эле Жалал-Абад областынын аймагындагы субъекттерде аялдардын атынан чыгып кызыкчылыгын коргойт;
· Аялдар кеңешинин иш аракеттерин бекитилген планга ылайык уюштурат;
· Аялдар кеңешинин отурумун алып барат;
· Аялдар кеңешинин ишинин отчеттуулугун жүргүзөт;
· Аялдар кеңешинин иш аракеттери боюнча калкка маалымат бере алат.
8. Аялдар кеңешинин иш аракеттерин каржылоо
8.1. Аялдар кеңешинин финансылык каражаттары менен буюмдары болуп жергиликтүү жамааттын арасында иш чара өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттар эсептелет. Аялдар кеңешинин ишинин кошумча финансылык булактары болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар тарабынан берилген финансылык жана материалдык ресурстар, жергиликтүү жамааттардан ж.б юридикалык жана жеке тараптардан түшкөн ыктыярдуу взностор, жардам иретиндеги каражаттар эсептелет. Алар Аялдар кеңешинин менчиги болот жана шаар тургундарына бөлүп берүүгө жатпайт.
8.2. Жергиликтүү кеңеш жана мэрия Аялдар кеңешинин финансылык жана техникалык каражат (имущество) милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик албайт. Аялдар кеңеши өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик албайт.
8.3. Каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөө үчүн аялдар кеңеши тарабынан текшерүү комиссиясы түзүлөт.
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, финансылык-материалдык каражаттары бар аялдар кеңешинин калыптанып өнүгүшүнөКРнын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө “ Мыйзамын ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтөт.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген каражаттардын максаттуу пайдаланышы боюнча аялдар кеңеши текшерүү комиссиясына жана тиешелүү органдарга отчет берет
9. Жыйынтыктоочу жоболор
9.1. Аялдар кеңеши,аялдар кеңешинин отурумунда бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен менен макулдашылган иш пландын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
9.2. Аялдар кеңеши жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө ММК аркылуу калкка маалымат берет. Аялдар кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча мезгилдүү түрдө аялдар конференциясында каралат жана талкууланат.