Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-апрели № 69/19-6
«Кара-Көл шаарынын Завод “Достук” ААКнун балансында турган насостук станциянын 3-скважинасын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Завод “Достук” ААКнун башкы директору А.А.Жолдошовдун 16.10.2013-жылдагы макулдук катын жана өткөрүп алуучу скважиналардын баланстык баасы 158 900 (жүз элүү сегиз миң тогуз жүз) сом калдык баасы жөнүндө аныктамасын эске алып, Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 3-мартындагы Завод “Достук” ААКнун балансында турган насостук станциянын 3-даана жана 2700 кв.м.аянты менен скважинасын 158900 (жүз элүү сегиз миң тогуз жүз) сом калдык баасы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына кайтарымсыз (безвозмездно) акысыз өткөрүп алуу тууралуу сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура,турак–жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерин жетекчиликке алуу менен “Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Завод “Достук” ААКнун балансында турган насостук станциянын (Ак-Кыя көчөсүнүн тушунда Кара-Суу дарыясынын жегиндеги) 3-даана скважинасын жана 2700 кв.м. жер аянты менен шаардын муниципалдык менчигине акысыз кайтарымсыз өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Аталган объектини шаардын муниципалдык менчикке алуу, мыйзам чегиндеги тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн шаардык мэрия (М.Д.Койчиев), муниципалдык менчик башкармалыгы (К.С.Сарбалаев), депутаттардын катышуусу менен комиссия түзүлсүн (25-апрелден 25-июнга чейин).
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( М.Д.Койчиев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |