Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылышы) кезексиз ХХ- сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 20/3
Көк-Жаңгак шаарында 9-май майрамы жөнүндө жана арыздар боюнча
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары коюлган маселелерди карап талкуулап (VI чакырылышы кезексиз ХХ- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарында улуу жеңиштин 70-жылдык майрамынын урматына Көк-Жаңгак шаардын мэриясынын иш программасы жактырылып Көк-Жаңгак шаарында 9-май 2015-жылы жеңиш парад өткөрүү жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
2.Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер борборунун, Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А.Исаевдин жана Көк-Жаңгак шаарынын «Эски Көк-Жаңгак» кварталынын жашоочуларынын арыздарын шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комисиянын чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын № 571 21.09.2011-жылдагы токтомунда көрсөтүлгөндөй аткарылыш жагы Көк-Жаңгак шаардык туруктуу жер комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көзөмөлдө жагы Көк-Жаңгак шаардык кенештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Курбанов |