Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 17-2
«А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасында жайгашкан Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинини стадионун реконстукциялоо жана заман бап типтүү жабык стадионгоо айлантыруу жөнүндөгү Коргошун талаа участкасынын жалпы чогулуш протоколун бекитүү жөнүндө»
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасында жайгашкан Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинини стадионун Коргошун талаа участкасынын элдерин демилгеси, ашар жолу менен реконстукциялоо жана заман бап типтүү жабык стадионгоо айлантыруу жөнүндөгү Коргошун талаа участкасынын жалпы чогулуш протоколун бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезектеги .сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасындагы Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинин стадионун элдин демилгеси жана ашар жолу менен реконструкциялап, заман бап типтүү жабык стадионго айлантыруу жөнүндөгү жалпы чогулуш протоколу бекитилсин.
2. Стадионду реконструкциялоо үчүн кетүүчү керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүннүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана Чапаев айылынын айыл башчысы М.Исаковдорго тапшырылсын.
3. Элдин демилгеси жана ашар жолу менен реконструкция болгон стадион, А.Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектептин пайдалануусунан бош убакытта, Коргошун талаа жамаатына пайдаланууга уруксат берилсин.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |