Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 17-6
«А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Жаш муун биримдиги» балдар бакчасынын сураныч катын канааттандыруу жөнүндө»
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Киров айылында 2013-жылдын ноябрь айынан баштам «Жаш муун биримдиги мектепке чейинки билим берүү» мекемеси жамааттык негизде ачылып балдарга тирбия берип келип жатат. Азыркы күндө мекемеде 70 бала тарбияланат. Бала бакчада иштеп жаткан тарбиячылары эмгек акысын, балдардын тамак –ашын каражаттарын ата – энелердин жардамы менен каржыланып келе жататкандыгына байланыштуу, балдарга тамак ашы жана материалдык техникалык жактан камсыздоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү тарабынан каржыланып ал эми бала бакча кызматкерлеринэмгек акысын төлөп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, бала бакча кызматкерлерин эмгек акысын мамлекеттик каржылоосуна өткөрүп берүү боюнча айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Жаш муун биримдиги» балдар бакчасын материалдык техник базасын чындоо жагын А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы «Жаш муун биримдиги» балдар бакчасын эмгектенген кызматчылардын эмгек акысын мамлекеттик каржылоосуна өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук Билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана финанс юөлүмүнүн башчысы Ш.Гаффаровдорго жүктөтүлсүн.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарууга алынсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |