Редакцияот 10.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

            

Эл  депутаттарынын  Көк-Жар  айылдык  Кеңешинин V-чакырылышынын  кезектеги  XIV-сессиясы

 

10-июнь  2014-жыл   №  14/3                                                                   

Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө”  Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Көк-Жар  айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.  Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Кочкор  веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын контролдоо Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүң башчысы Ж. С. Сабыржановко жүктөлсүн.

 

       

Төрага

К.А. Кадыракунов