Редакцияот 21.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

             Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы

 

2015-жылдын  21- январы № I -2

Таш-Дөбө айыл аймагынын  Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

     Таш-Дөбө айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын  26-беренесине ылайык  Таш-Дөбө айыл аймагынын  Сүйүмбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1. Таш-Дөбө айыл аймагынын  Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

          2.Бул  токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,  Jumgal. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

          3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.К. Бийсеевке жүктөлсүн.

 

       

Төрайым

Сейдикалыкова Ж.