Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № I-3
Жумгал районун аймагында таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Бектуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жумгал районунун аймагында таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджет массалык маалымат каражаттарын( jumgal. kg веб-сайты) жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Бектуровго жүктөлсүн.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. |
|
|