Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № I-4
Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери жана 2015-жылга жайыт акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери жана жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети боюнча жайыт комитетинин төрагасы Чалаказак уулу Качкынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери жактырылсын.
2. Таш-Дөбө айыл аймагы боюнча 2015-жылга жайыт акылар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
- 1 баш жылкыга 1 жылга 77 (жетимиш жети) сом;
- 1 баш тайга 1 жылга 54 (элүү төрт) сом;
- 1 баш уй, топозго 1 жылга 77 (жетимиш жети) сом;
- 1 баш торпокко 1 жылга 54 (элүү төрт) сом;
- 1 баш кой-эчкиге 1 жылга 15 (он беш) сом.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jumgal kg веб-сайтынана жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жайыт комитетинин төрагасы Чалаказак уулу Качкынбекке милдетендирилсин.
Төрайым | Сейдикалыкова Ж. |
|
|