Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

            Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) XVII заседаниеси

 

2015-жылдын  5-февралы № XVII -1

 

Найман айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен  КР ЖК нын 2007-жылдын 29-июнундагы  № 1997-III токтому менен бекитилген  кайра бөлүштүрүү жерлеринен ижарага берүү  шарттары жана тартиби  жөнүндөгү жобосуна  КР жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик  администрация жөнүндөгү мыйзамынын  27-беренесинин 4-бөлүмүн  жетекчиликке алып айыл өкмөттүн аймагындагы  кайра бөлүштүрүү  фондунун жерлерин  ижарага берүү тартибин  аныктоо жөнүндө

  Найман айыл өкмөтүндө  2015-жылдын 1-январына  карата  бардыгы болуп 50 га  кайрак жер фондунун жерлери бар анын ичинен  3 га жер  жол болуп эсептелет. Ошол фонддун жерлери  Улуу Тоо участкасында  жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  туура пайдалануу  жана  абалын жакшыртуу  жана КР ЖК нын  мыйзам чыгаруу жыйыны  бекиткен кайра  бөлүштүрүү  фонд жерлерин  ижарага  берүү тартиби  жөнүндөгү  2007-жылдын  29-июнундагы  1977-III  жобосуна ылайык  аукцион  өткөрүү  жолу менен  ижарага берүү  максатында  Найман айылдык Кеңеши

Т О К Т О М    КЫЛАТ:

1. Найман айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  КР ЖК нын мыйзам  чыгаруу жыйынында  бекитилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  ижарага берүүнүн  тартиби  жөнүндөгү  2007-жылдын 29-июнундагы  №1997-III талабына ылайык  ижарага берилсин.

2. Кайра бөлүштүрүү фондунун  жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен  ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы  № 1 тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

3. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин  1 га жердин баштапкы баасы соц.фонд взносторун  жер салыгын кошуп эсептегенде  600 сом  өлчөмүндө эсептелет.

4. Кайра бөлүштүрүү фондунун  жерлерин ижарага берүудөн алдың ижарага алуучу  ижара акысынын 20٪ пайызын алдын ала төлөөсү милдеттендирилсин.

5. Кайра бөлүштүрүү фондунун  жерлерин аукцион өткөрүү  жолу менен  ижарага берүү  жана бардык ижарачылар  менен келишимдерди  түзүү айыл өкмөтүнүн фондунун  жерлерин  аукцион аркылуу  ижарага берүү комиссиясына тапшырылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

      

 

Найман айылдык кеңешинин төрагасы

Ш. Эрматов

 

 

 

Найман айылдык Кеңешинин                                                    2015-жылдын 5-февралындагы                                                      V чакырылышынын XVII заседаниесинин   №XVII-1токтомуна  тиркеме                                              

 

 

Найман айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун  жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен  ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы :

 

      1.   Р.Шамаева     -       комиссиянын төрайымы

2.   Ө.Ажиматов    -       комиссия мүчөсү

3.   А.Тешебаев    -       комиссия мүчөсү

4.    Д.Таирова          -   комиссия мүчөсү

     5.   К.Байбалаев     -    комиссия мүчөсү

     6.    М.Махмудов    -   комиссия мүчөсү

     7.   А.Тешебаев        -   комиссия мүчөсү

 

Найман айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Д. Таирова