Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № XVIII-2
“Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджетин аткарылышы, 2015 жылдарга айылдык бюджети жана 2016-2017-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө”
Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга каралган айыл өкмөтүнүнбюджетижана 2016-2017-жылдарга болжолун бекитүү жөнундөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга Республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Найман айылдык Кеңешинин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк ” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга Найман айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 6140,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2014-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.
3. Найман айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2016-жылга 6373.9 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4761.8 миң сом менен ) жана 2017-жылга 6539.4 сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 4897.3 миң сом менен ) белгиленсин.
Найман айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын,аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6. Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн къбъйтүү жагын кароого.
7. 2015-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
8. Айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
9. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 8632.8 миң сом,чыгаша бөлүгү 9033.2 миё сомго аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы | Ш. Эрматов
|
Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылга айылдык бюджети (миң сом) Салык агентигине тълънгън киреше салыгы Бириктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы Чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бидиктүү салык Милдеттүү патенттөө негизиндеги салык Ыктыярдуу патенттөө негизиндеги салык Ишкердик иш-аракет жүргүзүүүчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы Жеке адамжардын транспорт каражатына салык Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы Айыл чарба багытындагы жер салыгы Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы Сатуудан түшкөн салык Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө | |||||||||||||||||||||