Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № XVIII-3
Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015жылдын 1-январына калган калдык акчасын бөлүштүрүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен 1-январына калган 222,3 сом калдык акчаны бөлүштүрүү максатында Найман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2015-жылдын 1-январына калган 222,3 сом калдык акчасы төмөнкү статьяларга бөлүнсүн. -
ЖКХ бөлүмүнө 222,3 сом
2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы | Ш. Эрматов
|