Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № XVIII-6
Найман айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында Найман айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатында 83 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы | Ш. Эрматов
|