НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Найман айылдык кеңешинин кезектеги (V чакырылышынын) XX сессиясы
2015-жылдын 17-апрели № XX-1
Найман айыл аймагындагы конкурстук комиссия курамынын көтөрүп чыккан көйгөйлүү маселелерин бекитүү жөнүндө
Найман айыл аймагындагы АРИС агентствосунун ПСИ-3 долбоору менен иштөө максатында түзүлгөн комиссия курамынын айылдын аймагындагы көйгөйлүү маселелердин приоритеттүүлүгүн аныктоо боюнча отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүндө түзүлгөн АРИС агентствосунун ПСИ-3 долбоору менен иштөө максатында түзүлгөн комиссия курамынын чечими бекитилсин.
2. Төмөндөгү конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде сунушталган маселелер:
1. Найман маданият үйүнүн капиталдык ремонту
2. “Улуу Тоо” толук эмес орто мектебинин имаратын жаңыдан куруу
3. Жаңы Конуш көчөсүндөгү мектепке кеткен 400 метр жолду асфальттоо
4. “Найман” балдар бакчасынын капиталдык ремонту
5. №18 УБДТнын имаратын жаңыдан куруу
6. “Найман” орто мектебинин капиталдык ремонту
7. Теплица куруу
8. Балдар аянтчасын куруу
9. Жаштар үчүн жасалма футбол аянтчасын куруу
айылдын көйгөйлүү маселелери экендиги белгиленсин.
3. АРИС агентствосунун ПСИ-3 долбооруна бул көйгөйлүү маселелерди тапшыруу жана керектүү документтерин тактоо иштери Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий,билим берүү-спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы | Ш. Эрматов
|