Редакцияот 31.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII сессиясы

 

2015-жылдын 31-марты № 12/3

 

                   Айыл аймак боюнча көчүп-конуу, коруктарды уюштуруу  корукчуларды дайындоо жөнүндө

       Айыл аймагында айдап-себүү  жумуштары бүтөөрү менен  2015-жылдын  1-майынан баштап, малдарды көчүрүү , корукчуларды даярдоо, коруктарды уюштуруу максаты  XXVI  шайланган   Он-Арча  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Айыл аймак боюнча  жазгы айдап- себүү иштери бүтөөрү  менен  2015-жылдын 1- май айынан  баштап алыскы жайлоого көчүрүлсүн , коруктар уюштурулсун, корукчулар  дайындалсын.

      2. Корукка түшкөн малга айып пул 100(жүз) сомдон белгиленсин, түшкөн  айып пул корукчулардын минген атынын жем-  чөбүнө жана эмгек акысына  жумшалсын.

      3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айыл аймагынын башчысы  М. Болотбековго  тапшырылсын.

 

 

Төрага

М. Босунов