Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-декабры № 15/75
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде 2014-2017-жылдарга айыл аймагында “ Жол картасынын ” аткарылышы тууралуу Т.Абыкеевдин отчету.
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча баардыгы 1864 га айдоо аянты бар анын ичинен 2014-жылы жазгы айдап-себүүдө 750 га жерге дан эгиндери айдалып себилгендигин.Жазгы айдап-себүү уюшкандыкта өткөрүлүп жыйынтыгында 750 гектарга арпа буудай,232 гектар картошка, жашылча -2га,таза себүү-137,БЖЧ—55га жер айдалган.
Дыйкандар джан эгиндеринен гектарына буудайдан-19 центнерден,4465 тонна,арпа-18,5 центнерден 5180 тонна түшүм жыйналып алынган.Картошка 232 га дан алынган түшүм 23350 тоннага жеткен.
Мал чарбасы ветеринардык тейлөө боюнча 4 менчик сервис иш алып барып жаткандыгын алар атайын термо чемодан холодилниктер менен жабдылганынын 2014-жыл ичинде жугуштуу оорулардан Бруцеллез оорусуна каршы -1750 баш уйдан кан алынып,серелогиялык жол менен текшерүүгөжөнөтүлгөн.Ошондой эле жугуштуу оорулардан “ Оспа ” ылаңына каршы 9229 баш кой эчки вакцинацияланган.Эхинакоккоз,альвеококкоз ооруларына карата квартал сайын Азинокс дарылары менен 439 ит,222 мышык ка берилген.
Инвестиция тартуу боюнча 2013-2014-жылдар аралыгында социалдык чөйрөсүнө негизинен стимул берген гранттардын эсебинен каржыланган бир топ инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган.2014-жылы жалпы сумма 34884300 сом тартылгандыгы белгиленди
Кышка карата 100% ке калк даяр экендигин белгилеп бюджеттик мекемелерге 181 тонна тартыла турган болсо 1-октябрь 21014-жылга карата толук бүткөрүлгөн.Ал эми калкка ар бир маданият кызматкерлери жүргүзгөн сурамжылоонун негизинен толук камсыздалынып 360 тонна элге тартылып берилди.
Социалдык тейлөө тармагы боюнча : Айыл аймагы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы 1.91 ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген адамдар,22 жеңилдик алуучулар,1 Ооган согушунун катышуучусу,654 аз камсыз болгон үй-бүлө лөргө социалдык паспорттор толтурулуп .аларга берилүүчү жөлөк пулдар ,жардамдар дайыма көргөзүлүп турулаары белгиленди.Мечиттин ачылышында Ассалам кайрымдуулук фонду тарабынан 50 адамга ар бирине 5000 сомдук продукт жардамга берилди.Майыптар күнүнө карата 8000 сом,карылар күнүнө карата 12000 сом баардыгы 400000 сомдук жардамдар берилди
Мындан тышкаары тийиштүү маалыматтарды интернет аркылуу жеткирилет.Кош-Дөбө айыл аймагында атайын “ Ormohan.kg”веб сайт ачылгандыгы тууралу белгилеп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы “ Жол картанын ” аткарылышы боюнча берилген маалымат жактырылсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагы 2014-жылы “ Мыкты айыл аймагы ”,” Мыкты айыл ” кароо сынактарына катышып I-II-орундарды камсыз кылынгандыгы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевдин ишине “ эң жакшы ” деген баа берилсин.
3. Кош-Дөбө айыл аймагындагы ИСКАКБлардын,жайыт кенешинин,СПАнын,коомдук уюмдардын ишин колго алуу,алардын төрагаларынын жоопкерчилигин көтөрүү бекитилген тарифтерди убагында чогултууга жетишүү нү камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. 2015-жылдын жазгы айдап-себүү,күзгү оруп жыюу убагында орун алган кемчиликтерди терең анализдеп тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен 2015-жылдын талаачылык жумуштарына азыртадан даярдык көрүү ,мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу үчун малдын ылаңына каршы ветеринардык тейлөөнү өз убагында жүргүзүүнү уюштуруу,кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максаттуу пайдалануу жана ижара акыларын өндурүү жагы айыл өкмөтүнун жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
5 Калктын жугуштуу ооруларын алдын-алуу максатында профилактикалык иштерди дайыма жүргүзүп туруу,калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөөнү жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүү,үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун кадрлар менен камсыз кылуу жагы № 3 ҮДТнун жетекчиси М.Жансеркеевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Добө айыл аймактык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов
|