Загрузка документа…
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.06.2015-жылдагы кезексиз X сессиясынын № 48 токтомуна 1-Тиркеме
|
Токтогул шаарынын көчөлөрүнө, парктарга (эс алуучу жайларга), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул Жобо Токтогул шаарынын мекемелерине, ишканаларына, окуу жайларына, көчөлөрүнө жана көчөнүн мурдагы атын өзгөртүү жана парктарга ысым ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Ысым ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдары - шаардык мэрия, шаардык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук , райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 Ысым ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды шаардык мэрия кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен шаардык кеңешке жөнөтөт.
1.4 Токтогул шаарынын көчөлөрүнө, парктарына, мекеме, ишканаларына, окуу жайына ат берүү шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койулуп, жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгондон кийин колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
2.1 СССРдин учурундагы жана азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын баатырлары, орден, медалдардын ээлерине;
2.2 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын ээлерине;
2.3 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмерлерине, көрүнүктүү илимий даражага ээ болгон окумуштууларга;
2.4 СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына;
2.5 Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетин аткарып жогорку сыйлыкка ээ болгондорго;
2.6 Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, Мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон жана шаардын ар кандай тармактарына кошкон зор эмгектери үчүн Ардактуу наамдарга ээ болгон инсандарга;
2.7 Шаарга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик адамдарга;
2.8 Токтогул шаарынын «Ардактуу Атуулу»наамы берилгендерге;
2.9 Ушул жобонун II пунктундагы талаптардын ( 2.1-2.8.) ичинен эки талапка ылайык келсе.
3.1 Шаардагы мурда адамдардын ысымы берилген көчөлөрдүн аты ар кандай жүйөөсүз себептер менен өзгөртүүгө болбойт;
• Кыргыз Республикаснынын Эгемендүүлүктү алгандан кийинки (1991-жылдан берки) көчөлөрдүн, парктардын аттары ар кандай шылтоолор менен өзгөртүүгө болбойт .
3.2 Шаардагы бир көчөгө бир гана ысым ыйгарылат, мындан ары көчөнү бөлүктөргө бөлүп ысым ыйгарууга тыюу салынат.
3.3 Жаңы көчөгө ысым ыйгаруу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, эгерде жаңы көчөгө жеке жарандын ысымы ыйгарылса, ар кандай чыгымдар өтүнүч берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт, ал эми мурда аты бар көчөнүн атын которгондо, буга кеткен чыгымдар толугу менен сунуш кылган мекеменин эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдардын жана үй-бүлөнүн өзүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
3.4 Көчөнүн атын которууга кеткен чыгымдарга төмөндөгүлөр кирет:
• көчөгө атайын формадагы темир тактага көчөнүн атын жасатып илдирүү жана ушул көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн баш жана аяк жагына орнотуу;
• көчөнүн жолун, арыктарын ирээтке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
• көчөдө жашаган жашоочулардын үй китепчелерин, паспортторун кайрадан учетко тургузуу боюнча паспорт, виза жана каттоо иштери боюнча паспорт стол бөлүмүнө кеткен чыгымдар;
• көчөнүн атын оңдоо боюнча шаардык архитектурага, мамкаттоого, коммуналдык мекемелерге төлөнүүчү чыгымдар;
3.5 Көчөгө, паркка ысым ыйгаруу боюнча кабыл алынган токтомго кол коюлгандан кийин Жобонун 3.4 пункутунда көрсөтүлгөн талаптар 3 айлык мөөнөттүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
3.6 Жобонун III бөлүмүнүн талаптары алдын ала түшүндүрүлөт жана ушул талаптарды аткаруудан баш тарткан учурда көчөгө, паркка ысым ыйгарылбайт.
3.6 Көчөлөргө, парктарга(сквер) ысым берүү жана көчөлөрдүн мурунку атын өзгөртүү маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
• көчөлөргө, парктарга жана көчөлөрдүн мурдагы атын өзгөртүү маселеси боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• мекеме ишканалардын эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын сунушу;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
4.1 Мекемеге, ишканага, окуу жайга ысым ыйгарууга байланыштуу чыгымдар сунуш киргизген эмгек жамаатынын, коомдук саясий уюмдардын, жеке адамдын эсебинен жүргүзүлөт. Ал чыгымдарга төмөнкүлөр кирет.
• мекеменин, ишкананын, окуу жайдын атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдар;
• материалдык, техникалык базасын чыңдоого кеткен чыгымдар;
• мекеменин, ишкананын жаңы печатын, штампын жасатуу ж.б чыгымдар
4.2 Мекемеге, ишканага, окуу жайга ысым ыйгаруу маселеси ошол мекеменин эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
4.3 Токтомго мекеме жетекчисинин, профсоюз уюмунун төрагасынын колу коюлуп, мекеменин мөөрү басылып, жалпы колдоого ээ болгондон кийин токтом кабыл алынат.
4.4 Мекемеге, ишканага, окуу жайга ат берүүгө төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• ысымы берилүүчү адамдын шаарга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү;