Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 51
Караев Шамшарбек Жумабековичти Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгисине сунуштоо боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы К.Дербишевдин сунушун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Караев Шамшарбек Жумабековичтин эмгек жолундагы жетишкендиктери эске алынсын.
2. Жогорудагылардын негизинде Караев Шамшарбек Жумабековичти Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгисине сунуштоо жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы | К. Дербишев
|