Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-апрели № 1
“Долбоорду өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Я.Молдобаевдин билдирүүсүнүн негизинде айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чолок айылына бала бакча куруу боюнча түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорду талкуулап, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Курманбек жергиликтүү кенеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Чолок айылына бала-бакча куруу боюнча жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттен жана жамааттын салымы менен бирге жалпы сметадагы сумманын эсебинен 1% акча каражаты 30 000 сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Наскулов жана айыл өкмөт башчысы Я.Молдобаевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Б. Калбаев
|