Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 1
“Айылдардан тандалган приоритеттүү көйгөйдү бекитүү жөнүндө”
Курманбек айыл өкмөтүнүн инвестиция адиси,комиссиянын төрайымы К. Амираеванын билдирүүсүнүн негизинде АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун (АИД) 3-этабынын талаптарына ылайык айылдардан аныкталып келген көйгөйлөрдү негиздүүлүгүнө жараша тандап алуу максатында маалыматын угуп, Курманбек айылдык кенеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагынан тандалып келген көйгөйлөрдү тандоо боюнча конкурстук комиссиянын 2015-жылдын 24-апрелиндеги чечими жактырылсын.
2. Кичи футболдук аянтчасын куруу долбоорун ишке ашыруу приоритеттүү деп табылсын.
3. Кичи футболдук аянтчасын Кара-Чолок айылындагы ДЭП-31 ишканасынын жанынан 0,20 га жер тилкеси ажыратылып берилсин жана куруу долбоорун ишке ашыруу жана камсыз кылуу Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Я.Молдобаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Курманалиевге жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы | Б. Калбаев
|