Редакцияот 12.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Курманбек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезексиз ХХI сессиясы

 

2015-жылдын 12-июну № 2

«Курманбек айыл өкмөтүнүн  жергиликтуу бюджетинин киреше  болугунун 2016-жылга долбоорун 2017-2018-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө»

  Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше  бөлүгүнүн  2016-жылга долбоорун, 2017-2018-жылга божомолун карап чыгып, Курманбек айылдык кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылга долбоору 4203,5 мин сом, 2017-жылга божомолу 4635,4 мин сом, 2018-жылга божомолу 4819,6 мин сом өлчөмүндо бекитилсин.

2. Жогорудагы сунушталган долбоорду ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

3. Долбоордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Я.Молдобаевге жүктөлсүн.

 

 

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Б. Калбаев