Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 64
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылкы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2015-жылга калган калдык акча каражатын бекитүү, 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык санын бекитүү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга карата киреше бөлүгүнүн аткарылышы 28228,4 миң сомго, же 116,4 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 22191,8 миң сомго, же 96,8 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 22628,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 22628,1 миң сомго бекитилсин.
3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетине калдык болуп калган 5030,1 миң сом, чыгаша болуп ушул сессияда түзүлгөн депутатык комиисиянын отрумунун чечиминин негизинде жумшалсын.
4. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоору бекитилсин.
5. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
6.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2015-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 - токтомунун негизинде бардыгы - 38 кызмат орду, мындан - 4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер, 7 штат айыл башчылар жана 7 штат АКСнун инспекторлору болуп бекитилсин.
7.Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Сатвалдиев
|