Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 66
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясы күн тартибиндеги: :Балдар бакчаларындагы балдардын тамактануусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200,0 сомдон жана ата-энелердин салымын 500,0 сомдон бөлүнүүсүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Балдар бакчаларындагы ар бир тарбияланып жаткан баланын тамактануусуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен ар айга 200,0 сомдон жана ата-энелердин салымы катары 500,0 сомдон бекитилсин.
2.Ар бир тарбиялануучу балага ар айга бекитилген ата-энелердин салымын жыйнап, айыл өкмөтүнүн ФЭБне өз убагында тапшыруу балдар бакчаларынын башчыларына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Сатвалдиев
|