Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 70
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги: ”Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин аракетке киргизүү” боюнча Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы № 231-мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде жер жана мүлк салыктары айылдык кеңештердин чечими менен айылдык аймакка киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кыргыз республикасынын Салык кодексинин аракетке киргизүү” боюнча Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы № 231- Мыйзамынын 3 – беренесинин 3 – бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасыны салык кодексиндеги 1,2 жана 3 группадагы жерге жана мүлккө болгон салыктар 2015-жылдын 1-январынан Кызыл-Кыштак айылдык аймакка киргизилсин жана бекитилсин.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрилештирүү Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жүзөгү ашырылат.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүп Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин нормативдик актыларынын реестрине киргизүүгө жөнөтүлсүн.
4. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарынан жарыя болгон мезгилден өз күчүнү кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБне жүктөлсүн .
6.Бул чечимдин аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Сатвалдиев
|