Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 73
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги:Кызыл-Кыштак айылындагы “Кылыч-Буркан” атындагы жана Сүрөтүү-Таш участкасындагы мүрзөлөлөрдү документтештирүү жана мамлекеттик катоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдагы “Кылыч-Буркан” атындагы мурдатан сөөк коюулуп келе жаткан 5,0 га мүрзөнүн жер аянтына тийиштүү документтер даярдалып мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн.
2. Сүрөтүү-Таш участкасында мүрзө үчүн мурда ажыратылган 5,0 га жер аянтын тактоо жана ага тийиштүү документтери даярдалып мамлекеттик катоодон өткөрүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
4.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Сатвалдиев
|