Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 74
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XIII сессиясынын күн тартибиндеги:Айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынын тең төрагасы депутат Д.Номановдун комиссия курамынан чыгуу жөнүндөгү арызынын негизинде айылдык кеңештин 18.06.2013-жылдагы V сессиясынын № 22- токтомунун 4-пункутуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) 18.06.2013-жылдагы V сессиясынын № 22- токтомунун 4-пункутуна төмөкүдүй өзгөртүү киргизилсин:
-Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынын тең төрагасы депутат Д.Номановдун комиссия курамынан чыгуу жөнүндөгү арызы канаатандырылып, комиссиянын курамынан чыгарылсын.
-Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн турак-жай үчүн жер тилкесин суранган жарандардын арыздарын кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына депутат Д.Рахманов шайлансын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
4.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социлдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы | Д. Сатвалдиев
|