Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-апрели № 9
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXIII кезексиз сессиясында каралган биринчи маселе: 2015-жылга жайыт акысын бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акысы ар бир кой эчкиге Ак-Жар айылынын тургундары үчүн 8 (сегиз) сомдон, бодо малга 40 (кырк) сомдон төлөнсүн, башка айылдын тургундарына бодо малга 60 (алтымыш) сомдон, кой эчкиге 12 (он эки) сомдон төлөнсүн.
2. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянтчаларынын жерине 0,1 сотых жерге 10 (он) сомдон төлөнсүн.
3. Жаздоого, жайлоого өз убагында көчпөгөн малчыларга ар бир айга 10000 (Он) миң сомдон айып салынсын. Жаздоого 15-апрелден калбай көчүрүлсүн, алыскы жайлоого 15-июндан калбай көчүрүлсүн, күзүндө 1-октябрдан баштап көчүп келишсин эрте көчүп келгендерге 5000 (беш миң) сомдон айып салынсын. Сугат аянтына дыйкандардын эгин чөбүнө кирген малдарга ар бир кой эчкиге 100 (жүз) сомдон, бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айып салынсын.
4. Башка айылдын жайытына барып жайлап келген жайыт пайдалануучуларга кой эчкиге ар бир айга 5 (беш) сомдон, бодо малга 15 (он беш) сомдон төлөнсүн
5. Ат-Башы районунан төгүлүп жаткан таштандыга тиешеси бар мекемелер жайыт комитети менен келишим түзүп, келишимде көрсөтүлгөн сумма жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
6. Жайыт комитетинин уруксаты жок төгүлгөн ар бир машина таштандыга 5000 (беш миң) сомдон айып салынсын. Ак-Жар айылына караштуу жайыт жерлеринен алынып жаткан топо, шагыл жүктөп берип жаткан экскватор менен келишим түзүлүп, келишимде көрсөтүлгөн сумма жайыт комитетине төгүп берилсин. Жайыт комитетинин уруксааты жок алынган ар бир машина топо, шагылга 5000 ( беш ) миң сомдон айып салынсын.
7. Ак-Жар айылындагы менчик мал баккан малчылар Ак-Жар айылынын тургундарынан ар бир кой, эчкиге 30 отуз сомдон, башка айылдын тургундарынан 35 (отуз беш) сомдон багышсын, бодо малдарды Ак-Жар айылынын тургундарыныкын 200 (Эки жүз) сомдон башка айылдын тургундарыныкын 250 (эки жүз элүү) сомдон багышсын.
8. Жайкысын керектөө үчүн алып калган майда мал жандыктарды багыш үчүн, Касмалиев Алтымыштын, Дүйшөнов Максаттын, Исаев Бейшенбектин сарайларына калтырылсын ар бир кой, эчкиге айына 50 элүү сомдон багышсын.
9. 1-майдан 1-октябрга чейин айылга бада уюштурулсун ар бир уй торпок Ак-Жар айылынын тургундарыныкын 200 (эки жүз) сомдон башка айылдыкын 250 (эки жүз элүү) сомдон багышсын. Жайыт акысы жылына бир жолу Ак-Жар айылынын тургундарынан бир башка 50 (элүү) сомдон, башка айылдын тургундары 70 (жетимиш) сомдон төлөнсүн.
10.Жайыт акысын 2011-2012-2013-2014-жылдан бери төлөбөгөн жарандарга айыл өкмөтүнөн маалымкат берилбесин.
11.Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы Б. Мамбеталиевке милдеттендирилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|