Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-майы № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы №103-б буйругуна ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасын бекитүү жөнүндө Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.03.2015-жылдагы №103-б буйругуна ылайык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасы тиркемеге ылайык түзүлсүн (тиркеме 5 баракта)
2. Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу белгиленген смета райондук финансы бөлүмү менен биргеликте макулдашылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|