Редакцияот 14.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХVI кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 14

 

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясында каралган   маселе: Айыл аймагындагы эски бала бакчанын имаратын бузуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык   Кеңешинин VI чакырылышын XXVI кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы эски бала бакчанын имаратын бузуу маселеси Нарын облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын  бала бакчанын техникалык абалын  текшерүү боюнча кортундусу чыккандан кийин  каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго  милдеттендирилсин.

 

 

Ак-Жар айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы

А. Кабылов