Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 1/1
Депутаттардын Ак-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХII кезектүү сессиясында каралган маселе Ак-Жар айыл өкмөтү жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарын жүргүзүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХХII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтү жана айылдык Кеңешинин иш кагаздарын, ченемдик укуктук актыларды жүргүзүү жана каттоодон өткөрүү мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы | А. Кабылов
|