Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/7
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара-Тоо, Чекилдек айылдарынын жолдорун асфальттоо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылындагы Чекилдек Көк-Чолок жолун жана Кара-Тоо айылынын борбордук Ленин көчөсүнүн жолу союз мезгилинен бери каралбай жол өтө оор абалда болууда. Айыл өмөтүнүн кеӊсеси Кара-Тоо айылында жайгашкандыктан, айылдардан келген тургундар авто унаа менен ушул жол аркылуу өтүшүп, авто унаалар жолдун начардыгынан жол тандап айдашып, элдин басып жүрүүсүнө коопсуздук жаратууда. Ошондуктан эл менен жолугушууда жолдорду асфальттап оӊдоп берүүнү жалпы эл талап кылып жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы Чекилдек -Көк-Чолок жолун 1,5 км, Кара-Тоо айылынын борбордук Ленин көчөсүнүн 500м жолун асфальттап, оӊдоп туруу үчүн райондук № 955 Жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп, көзөмөлдөп туруу жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевке тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев
|