Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/8
Асыл тукум кой өстүрүү заводуна тийиштүү мүлктөрүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводу 2010-жылда болгон баш аламандыкта эл тарабынан малы таланып, тонолуп кеткендиктен, бүгүнкү күндө иштебей турат. МАТКӨЗуна тиешелүү кыймылсыз мүлктөрү талкаланып, тонолуп жатат, ошол кыймылсыз мүлктөрдү сактап калуу үчүн МАТКӨЗуна тиешелүү кыймылсыз мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүү жөнүндө туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Семиз-Бел айыл аймагында жайгашкан Мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводуна тиешелүү кыймылсыз мүлктөрү такталып, айыл өкмөтүнүн балансына (муниципалдык менчикке) өткөрүлүп берилсин.
2. Мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүү заводуна тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдү тактап, инвентаризация жүргүзүп муниципалдык менчике өткөрүү жагы түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моӊкоевке тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев
|