Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/11
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин пайдаланышы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин пайдаланылышы жөнүндө жер комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин алган арендаторлор жерлерди өз максатында пайдаланбай, башка адамдарга суб арендага беришсе, арендага жер алган адамдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын V-главасынын 13-беренесине ылайык тыюу салынаары эскертилсин.
2. Айыл аймагындагы ижарага жер алган арендаторлор мыйзамсыз иштерге барса жана башка максаттарга жерлерди пайдаланса, субарендага жерлерди берсе, эки тараптуу келишимдеги көрсөтүлгөн талаптарды бузса, аларга укук коргоо органдары менен бирдикте мыйзам чегинде чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарба,жер реформасы маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев
|