Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 20/10
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчанын түрткү берүүчү грант менен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчаны капиталдык ремонттон ѳткѳрүү боюнча түрткү берүүчү грант менен 3337216(үч миллион үч жүз отуз жети миң эки жүз он алты) сомго капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ѳздүк салым үчүн 5 пайыздык 171860,80 (бир жүз жетимиш бир миң сегиз жүз алтымыш сом, сексен тыйын) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчанын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү» долбооруна каражат бөлүнүп берилсин, акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
2. 5 пайыздык 166860,80 (бир жүз алтымыш алты миң сегиз жүз алтымыш сом, сексен тыйын) сомду, жумушчу күчүнүн эсебинен ашар жолу менен уюштуруп берүү Чекилдек айыл башчысы К.Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев
|