Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVI- чакырылышы кезектеги   28 – сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 10

 

Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты жөнүндө        

      Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты  боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай”  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын сунуштарын угуп, талкуулап  Таш-Көмүр  шаардык  депутаттар  Кеңешинин  XXVI- чакырылышынын  кезектеги  28 – cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык мэриянын 29.06.2015-жылдагы “шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүү тууралуу” №03-5/722 кайрылуу каты  боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай”  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын эске алынсын.

2. Шаардагы Т.Сатылганов атындагы №4 орто мектебинин отканасын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук  берилсин.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык  Кеңештин  алдындагы  “Өнөр жай” боюнча  туруктуу  комиссиясына (М.Кыдыршаев)  жүктөлсүн.

 

 

               

Төрага

М.С.Кулдышев