Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Беловодск айыл кеңешинин XXVI чогулушу
2015-жылдын 22-июлу №171
Айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык ченин бекитүү жөнүндө
МСКБнын Москва району боюнча 18.03.2015-жылындагы № 010/15/05/1568 “Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” катын жана 20.04. 2015-жылындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, ишкерлик иш-аракет жана ички экономикалык байланыштар боюнча депутаттык комиссиянын отурумун угуп жана талкуулап Беловодское айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл чарба жерлерин колдонгондугу үчүн жер салыгынын чечими 2014 жылдын деңгээлинде калсын.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодское айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Б.Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага | О.Чекирбаев |