ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 10-апрели № 1
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайытка жараксыз жерден таштанды таштоочу жай бөлүп берүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылында таштанды таштоочу жайды «Кайырма» участогунан жайытка жараксыз эски топурак алуучу карьерден айылдан 200 метр алыстыкта жайгашкан жерден 0,20 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылында таштанды таштоочу жайды айылдын түштүк-батыш тарабында жайгашкан жайытка, айдоого, бак-дарак өстүрүүгө жараксыз жер аянтынан 0,15 га жер бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомго ылайык тиешелүү мекемелерден документтерди даярдоо жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Оморовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|