Редакцияот 10.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын  кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-апрели № 4

 

 

Эмгек-Талаа айыл аймагында ички тартип жөнүндө

       Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында 15-апрелден баштап уй кесүү чыгып корук башталсын.

2. Мал алып элге кызмат кылган адамдар 15-апрелге чейин жакынкы жайлоолорго көчсүн

3. 15-апрелге чейин мал алып элге кызмат кылган адамдар көчпөсө 1000 (миң) сом ар бир корукка кирген мал үчүн төмөндөгүдөй айып пул белгиленсин.

Малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалган чыгымдар үчүн 1500- 2000 сом өлчөмүндө, оолуттуу зыян келтирсе эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш, кызмат адамдарына 1000 (миң) – 1500 (бир миң беш жүз) өлчөмүнө чейин административдик айып пул салууга алып келет.

4. Күзгү көчүп келүү 1-октябрга белгиленсин. Эрте көчүп келген адамдарга 10000 (он миң) сом айып пул жана элдин эгинине кирген ар бир мал үчүн 1000 (бир миң) сомдон айып белгиленсин.

 

 

Төрага

А. Эсенбеков