Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-сентябры № 2
Малчылардын жайлоолордон көчүп келүүсү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2013-жылдын күзгү оруп-жыйуу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын АРПА, буудайларынын түшүмүн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жана жаамат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы жайлоолордогу (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) малчыларыдын 2013-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыюу салынсын.
2. 2013-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келген жана малдарын айдап келген малчыларга 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып салынаары малчыларга эскертилсин.
3. Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын камсыздоо жагы Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.
Төрага | А. Эсенбеков
|
|
|