АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 4/5
Ак-Моюн айылынын тургундарынан келип түшкөн билдирүүнү кароо жөнүндө
Ж.Тогозов билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин төртүнчү кезексиз сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айылынын тургундарынан келип түшкөн билдирүүгө ылайык, мурунку огороддорго суу алып жүргөн арыктын ордуна таза суунун каналы түшүп калганына байланыштуу жаңы арыкты Назарбаев Турарбек менен Назарбаев Саматтын огородунун ортосунан жаңы чет көчөнү кесип өткөнгө 44(кырк төрт) түтүндүн суроо-талабы эске алынып, уруксат берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т.Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары | Ж. Тогозов
|
|
|